ЧТ, 19 июня 11:26
36.9°C Кемин
USD: 87.45 EUR: 100.58 CNY: 12.16 KZT: 0.16 RUB: 1.11

21-февраль-Эл аралык эне тил күнү!

  • 16:35, 15 фев 2024
  • 1244

Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Назгүл Медеркуловна Якупова  “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмунун жана ЮНЕСКОнун чечиминин негизинде Кыргызстанда жашаган улуттардын ынтымагын бекемдөө, алардын эне тилин, маданиятын жайылтуу жана 21-февраль – Эл аралык эне тил күнүн белгилөөгө 2024-жылдын 12-февралында №60 буйругуна кол койду. Аталган буйруктуу аткаруу максатында Кемин районунун бардык билим берүү уюмдары тарабынан  «21-февраль – Эл аралык эне тил күнүн» белгилөө максатында иш-чаралар планын иштеп чыгып бекитишти.

2024-жылдын 15-февралында Кемин районуна караштуу М.Өмүрлиев атындагы Кызыл-Суу жалпы билим берүү орто мектебинде  «21-февраль-Эл аралык энетил күнүнө» карата «Эне тили болбосо, аты аталбайт улуттун» аттуу класстык саат болуп өттү.

Асанкул Акаев атындагы жалпы билимберүү орто мектебинде «21-февраль-Эл аралык энетил күнүнө» карата  «Манас», «Семетей» уюмунун мүчөлөрүнүн тегерек стол отуруму болуп өттү.

Поделиться
Комментарии
Комментарии отсутствуют. Будьте первым!