Кемин районунун бардык билим берүү уюмдарында тазалоо иштери жүргүзүлдү.
Кемин районунун билим берүү уюмдарынын жетекчилери ооруларды алдын-алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгеринин азыркы эпидемиологиялык кырдаал жөнүндө айтылган маалыматтарын эске алуу менен, бардык билим берүү уюмдарында кызамык оорусун алдын-алуу боюнча тиешелүү иш-аракеттерди көрүштү, кызамык оорусуна эмдөө алуудан баш тарткан өспүрүмдөрдүн ата-энелери менен сүйлөшүүлөр, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
2024-жылдын 16-февралында бардык билим берүү уюмдарында генералдык тазалоо иштери уюштурулду. Өз убагы менен дезинфекциялык режимдер колдонулуп, күн сайын окуучулардын жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде тарбиялануучулардын дене табын текшерүү менен фильтрлөө иштери күчөтүлдү.
Поделиться
Комментарии
Комментарии отсутствуют. Будьте первым!